Тып тып этип жамгыр терезеге төгүп жатат. Мөлтүрөгөн тунук тамчылар тамып жатат. Жамгыр тамчылары чылк бүркөлгөн асманды, муңайым айлананы элестет. Ажыроодон, айрылуудан сыздаган жүрөктү элестет. Кээде бул жамгыр жан дүйнөңдү эс алдырат. Жүрөгүңдү тынчтандырат.Британиялык сүрөтчү Фрэнсис Маккрори дал ушундай жамгырды, тамчыларды картинага түшүргөн жаш сүрөтчү. Анын эмгектери өзгөчөлөнгөн, өз алдынча жолун тапкан керемет сурөттөр. Айтор жан-дүйнөңдүн эшигин ачып кирип барат.
Sign in