Жумуш издегендер үчүн жаңы сайт ачылды

0

Порталда вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер, ишке даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу маалымат камтылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарды иш менен камсыздоо боюнча сайтты ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жаңы сайтка http://zanyatost.kg/ дареги аркылуу кирсе болот. Мындан ары жумушсуздар сайт аркылуу министрликтин аймактын бөлүмүнө иш издөөчү катары катталып кое алат.

Ошондой эле порталда вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер, ишке даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу маалымат камтылган.

Кесип тандоо алдында тургандар же кесиби жок жарандар багыт алуу үчүн тесттен өтсө болот. Ошондой эле бул сайтка жумуш берүүчүлөр маалымат калтыра алат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.