Нижневартовскийге (Ханты-Манси автономиялуу округуна) учуп келген кыз, тастыкталган коронавирусту жашырып келген. Анын айынан учактын бардык жүргүнчүлөрү изоляцияга жөнөтүлдү. Ал эми «дарт тараткан кыз дарты айыкканда полицияга жөнөтүлөт» деп Роспотребнадзор аймактык башкармалыгынын башчысы Виктор Перекокин маалымдаган. Борбор калаабызда дарт күчөп турган маалда ар бирибиз абай болуп сактаналы.