Күчтүү премьер-министр келип өлкөбүздү саздан сууруп чыгышы керекпи?

0

 Жашоочулардын 70%ы оор шартка кептелди. “Оңго барсаң атың, солго барсаң өзүң өлөсүң” дегендей эле көрүнүшкө күбө болгон турабыз. Мындайда жергиликтүү эл өкмөт башчы Абылгазиевди кетирүүгө, коронавирусту жеңүүгө кол кабыш кылышабы? Үмүт “үшүп” турган чак. Экономикабыз эңшерилген, өндүрүш өчөйгөн, финансылык ресурстар “итке минген” абалда. Мындай шартта күчтүү премьер-министр келип, жаңы команда менен курч кризиске батып бараткан өлкөбүздү саздан сууруп чыгышы керек. А болбосо көпчүлүктүн чыдамы түгөнүп баратат. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” дегендей, алдыртан коңгуроо какпасак, эртең кеч болуп калбайбы?..

Get real time updates directly on you device, subscribe now.