Ош шаарында фармацевт кыз каза болгонун облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал дары каражатына ууланып каза болгон. 1-август саат 09:11 К.З. уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылып, саат 16: 45те көз жумган.
“Бизге ал эс-учун жоготуп келген. Анын оорусунун тарыхы соттук-медициналык кароодон өтүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал дарыга ууланган. Эмне себептен комага түшкөнү белгисиз“,- деди оорукана жетекчисинин орун басары Кадырбек Бөрүбаев.