Өлкө аймагында жер титирөө катталды

0

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Билдирүүгө ылайык, жер силкинүү 2-ноябрда саат 18:13тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кашка-Суу айылынан 16 чакырым түндүк-батышта, Кара-Кабак айылынан 17 чакырым түндүк-батышта, Кара-Өтөк айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 85 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдарында 2 баллга жеткен.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.