Өлкөдө жумуртка менен күрүчтүн баасы арзандады

0
 Өлкөдө жумуртка, пияз жана күрүчтүн баасы арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги жүргүзгөн мониторингде белгилүү болду.

1-апрелге карата өлкөдө жана чет өлкөлөрдө (Орусия, Казакстан) азык-түлүккө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыктары боюнча:

  • сабиз – 1,4 пайызга;
  • кумшекер – 0,5 пайызга;
  • кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,4 пайызга;
  • макарон азыктары (спагетти) – 0,4 пайызга;
  • каймак май (туздалбаган, 72 пайыздан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 0,1 пайызга;
  • тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,1 пайызга;
  • пастерленген 2,5-3,2 пайыз майлуулуктагы сүт – 0,1 пайызга жогорулаган.

Ал эми төмөнкү азыктарда баанын арзандаганы байкалды:

  • жумуртка – 3,3 пайыз;
  • пияз – 2,3 пайыз;
  • күрүч – 0,4 пайыз;
  • уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 пайыз.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.