Өзбекстандын калкынын саны 38 миллионго жетти

0

Өзбекстан калкынын саны 38 миллион болгонун өлкөнүн Улуттук статистика комитети жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-августка карата өлкөнүн туруктуу калкынын саны 38 миллион адамдан ашты. Азыр коңшу өлкөдө 18 миллион 863 миң 202 аял жана 19 миллион 136 миң 803 эркек жашайт.

2030-жылы өлкөнүн калкынын саны 41 миллиондон, 2040-жылы 46 миллиондон, 2050-жылы 50 миллиондон ашат деп күтүлүүдө. Комитеттин маалыматы боюнча, 1991-жылы Өзбекстандын калкы 20,6 миллион адамды түзгөн.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.