Айзада Жамгырчиева: «Агайды он күн мурун жаңы клипке тартканбыз»

0


Ырчы, алып баруучу Айзада Жамгырчиева менен ырчы Калыс Жакыпов мындан 10 күндөй мурун «Сен дедим» аттуу дуэтине клип тартышкан. Анда клиптин башкы каарманынын ролуна театр жана кино актёру, маркум Марат Жанталиев тартылган. Буга чейин Жанталиев бүгүн, 9-июнда оорудан улам 59 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы маалымдалган болчу.

Айзада Жамгырчиева бизге берген билдирүүсүндө, «бул агайдын акыркы клиби болуп калды өңдөнөт» деп белгиледи.

«Клипке тартылып бериңиз деп суранып кайрылсак макул болду, абдан сүйүндүк. Ага чейин ооруп жүргөнүн билген эмесмин. Съёмка учурунда ооруп жатам деп кээ бир учурларда бир аз эс ала калып жатты. Ошентсе да ишти таштап басып кеткен жок, ооруганын жашырууга аракеттенип, күлүп-жайнап съёмка бүткөнчө биз менен тамашалашып чогуу жүрдү.

Жумуш 12 саатка созулду, түнкү саат 23:00дөн өтүп үйүнө жеткирип бардык. Оорудум дегени менен көңүлү куунак эле, Бишкектеги Туңгуч кичи районунан үй алган экен, ошону айтып берип, кубанып эле бара жаткан.

Коштошоордо «клип чыкканда айтып койгула, мен күтөм» деп калган эле. Клип дээрлик даяр болуп калды, бирок бул суук кабарды угуп дале эсимди жыя албай турам. Кыргыз маданияты үчүн оор жоготуу болду. Өзүмчө агай өмүрүнүн аягына чейин кесиби менен болду деп ойлонуп жатам», — деди Жамгырчиева.

Булак Супер кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.