Анжелика жаңы алган особнягын көрсөттү

0

Ырчы Анжелика карантинде убакытты текке кетирбей жаңы алган особнягында бакча иштери менен алек болду. Тагыраак айтканда ал кыздары, апасы менен кошо жер үйүнүн бакчасына арык казып, арча, бак отургузган. Ырчы айым бул тууралуу инстаграм баракчасына сүрөттөрүн жүктөп:  “Үйдүн жумушу бүтмөйүнчө, каяктагы көчөнүн жумушун бүтүрмөк элең?” деп апам көп айтчу. Төртөөбүз айымдардын эле эмес, мырзалардын дагы жумушун кошо бүтүргөндү уйрөнүп жатабыз.))

P.S. Кичине жардамдашканыбыз болбосо, жер казган байкелерге рахмат;))”,- деп жазып чыкты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.