Бек Борбиев: Гүлнурга байланыштуу Алматыда болгон окуяны айтып берейин

0

Алматыда болгон окуяны айтып берейин. Казак досторум былтыр коноктоп 2-3 күн сый көрдүм, кечинде мейманканага келатсак МАИ кызматы токтотуп калды. Рулда белгилуу казактын маданият кызматкери эле. Кичине ууртап алган болчу, дароо эле билишти. Видеого тарткандар да жүрүшөт. Аларда ичип айдагандарга жаза бизге караганда абдан катуу, акчалай штрафы дагы көп. Мен чоң ызы чуу болот окшойт деп, өзүмдү дагы күнөөлүү сезип турдум. Ошентип турсак эле, ары жактан командири түшүп келип, сылык саламдашып рулга олтурду. Даректи сурап, мейманканага чейин айдап келди, мигалка машинеси алдыга түшүп коштоп алган

Келген соң, биз дагы кечирим сурап аттык, чынында уят болдук. Бирок тиги кызматкер баланын сөзү алигиче эсимде. Байкелер, биз казактын маданиятын көтөрүп жүргөн адамды сыйлай албасак, баалай албасак, анда казактын мыйзамынын кимге кереги бар!? Жакшы эс алыңыздар деп, камерадагы запистерин өчүртүп кетип калышты

Гүлнур Сатылганованы кармап, маашырланып камерага түшүргөндөрдү көрүп ошол окуя эске түштү. Албетте мыйзам баарыбызга бирдей, бирок коңшу туруп эки башка ойлонгон эл экенбиз дедим.

Башка сөз жок.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.