МИЛЛИАРДЕР ЖЕК МАДАН ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

0


Сизге ийгиликтүү адамдардын тизмесине кирип калуу мүмкүн эместей туюлабы? Ийгиликке жеткениңизди кыялданып, бирок анын кол жеткис экенин ойлоп, кайрадан көнүмүш жашоону уланткандардын катарында болсоңуз, анда төмөнкү кеңештер сизге мотивация берет деп ишенебиз. Ийгиликке жетүүнүн сырлары менен Кытайдын эң бай адамдарынын катарындагы миллиардер, “
Alibaba” компаниясынын түптөөчүсү Жек Ма бөлүшөт.

  • Жасаган кадамыңардын ийгиликсиз болуп калышынан коркпогула. Негизгиси – жыгылган сайын кайра тура билүү. Мен башталгыч классты аяктоо сынагынан 2 жолу, орто мектепке кабыл алуу сынагынан 3 жолу кулагам. ЖОЖго тапшыруу сынагынан да 3 жолу кулагам. Жумушка орношом деп 30 мекемеге кайрылгам. Эч бири жумушка алган эмес. Бирок мен кол куушуруп отуруп калган жокмун. Менин сырым ошондо. Турмуш сунган сыноолордон сабак алууну үйрөнгүлө. Ал жакшы тажрыйба.
  • Жасап жаткан ишиңердин ийгиликтүү болоруна ишенгиле. Ишиңерди сүйгүлө. Башкалардын сени кандай кабылдаганы, сен тууралуу ойлору маанилүү эмес. Ага көңүл бурбагыла. Жөнөкөй болгула.
  • Бирөөгө колдоо көрсөткөндү үйрөнгүлө. Сүйгөндү билгиле. Ошондо дүйнө үчүн жакшы иш жасай аласыңар.
  • 30 жаштан 40 жашка чейин так, туура ой жүгүртүп калышыңар керек. Ошондо алдыңкы жашоодогу ишиңер натыйжалуу болот. 40-50 жаш аралыгында өзүңөр жасай алган иш менен алек болгула. Ал эми 50-60 жаш курактарда жаштарды колдогула, анткени жаштар силерден жакшы иштешет. Аларга жардам бергиле, талап кылгыла. Бул өз жыйынтыгын берет.
  • Көптөр “менин мүмкүнчүлүгүм жок” деп арызданышат. Мен да жаш кезимде көп арызданчумун. Кийин даттануу эч кандай маселени чече албастыгына көзүм жетти. Адамдар наалыган жактарда мүмкүнчүлүктөр көп. Ошол даттанып жаткан маселелердин бирин гана чече алсаңар, чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрөсүңөр. Эч качан кыйынчылыктардан, жеңилүүдөн коркпогула. Эч качан артка чегинбегиле. Келечекке ишенгиле. Силерде дүйнөнү өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар.

Жолдубек Качкынбаев

Get real time updates directly on you device, subscribe now.