Фейсбуктун негиздөөчүсү карантинде жатып 30 млрд доллардан ашык каражат тапты

0

Коронавирустук пандемия дүйнөдөгү эң бай адамдарга дагы да байыраак болууга жардам берди. Акыркы эки айда алардын жалпы байлыгы 255 миллиард долларга өстү деп Forbes билдирди. Эң көп тапкан Марк Цукерберг – 31,4 млрд.

Басылманын маалыматы боюнча, 23-марттан 22-майга чейин дүйнөдөгү алдыңкы 25 миллиардер жалпысынан 255 миллиард доллар тапкан.
Пандемиядан кийинки эки айдын ичинде Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг эң көп акча тапкан – анын байлыгы 31,4 миллиард долларга көбөйүп, 86,5 миллиард долларга жеткен. Басылманын маалыматы боюнча, Facebook акциялары 22-майда рекорддук деңгээлге жетип, болжол менен 60% га көтөрүлдү. Ошентип, Цукерберг бай адамдардын тизмесинде жетинчи орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү.

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос бир аз азыраак акча тапты – 29,9 миллиард доллар, азыр анын байлыгы 146,9 миллиард долларга бааланууда. Ал дүйнөдөгү эң бай адам. Пандемиянын фонунда онлайн соода платформаларынын популярдуулугу жогорулады, бул март айынан бери Amazon акциясынын наркын 29% га көбөйттү.

Үчүнчү орунду Reliance Industries Limitedтин башчысы Мукеш Амбани ээледи, ал март айынан бери өзүнүн байлыгын 20 миллиард долларга көбөйттү. Ошону менен, анын байлыгы 52,7 миллиард долларды түзүп, Амбани Азиядагы эң бай адам болуп калды.

Булак Чындык кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.