Өгөй апамды мурдагыдан да жакшы көрүп боздоп ыйлап алдым…

0

Бүгүн менин жашоомдо эң кыйын сыноо болду , апам кайтыш болду. Жаш болсом жер тепкилеп бакырып ыйлап бугумду чыгарып алсам керек. Азыр өзүм кайнене ,тайэне, чоң энемин. Ичим ачышып, ичимден күйүп үн чыгарып кошок кошуп жаттым. Апамды тамашалап ар нерсени айтып күлдүрчү элем, баары көз алдыман өтүп жатты. Курдашым, сырдашым эле болгон көйгөйүмдү айтсам бир тыйанак чыгарып чечип көңүлүңдү көтөрүп койот. Айла жок турмуштун мыйзамы тура баш ийип кала берет экенбиз да. Баарынан кызыгы апамды койуп келгенде башталды. Апамдын улуу агасы бар эле ал да бир топко келип калды, баарыбызды чогултуп сөз баштады.Муну мурда эле айтыш керек эле сыр болуп келди эми мен айтайын. Бул силердин ,,өгөй апаңар»-деди. Башка чапкандай эле бир туугандар отуруп калдык. Кандайча?-деп таң кала суроо узаттым. Атам апамдар жайлоодо экен. Апамдын бир оорусу бар экен эмне экенин эч ким деле билбейт. Ошол оорусу жакшы болуп айыктым деп жайлоого чыгып кетиптир. Бир күнү ошо оорусу кармап калып сууга агып кетип каза болгон экен. Ал кезде агам 6да мен 4то иним 2де кичүү сиңдим 5 айлык калыптырбыз. Балдары жаш деп азыркы каза болгон апамды алып беришкен экен. Бул апамдын бойунда 4ай болгон кезде атам карагайга барып көчкүдө калып каза болуптур. Ошону менен апам бир кыз тороп 5 жетимди жетелеп чоңойткон экен. Муну угуп отуруп бири бирибизди карап отурдук. Апамдын өгөй экенине эч ишенбей отурдум. Бизде ,,өгөй эне»-деген таш боор, жаман аялды элестетебиз. Атаман жаш калып майда жетимдерди мойнуна алып багып алган апамды мурдагыдан да жакшы көрүп ыйлап алдым. Агам экөөбүз кол арага жарап калганда араба менен сайга барып суу апкелер элек. Үшүп келсем кел колуңду жылытып беиейин деп чөнтөгүн ачып калар эле, апамды кучактап алып колумду чонтогуно салып жылытаар элем. Эмне иш кылсак да чогуу кылар элек,ошол тарбиясынын бизге чоң салымы бар. Агам менен иним отун жарса биз жыйначубуз. Картошка отоп, түптөп баарын өзүбүз эле бүтүрүп алчубуз. Жетим жетилет дегендей кудайдын көзү түз болуп баары ойдогудай болуп чоңойдук, очор-бачар болуп кудайдын кулагы сүйүнсүн көбөйдүк. Апам да биздин бактыбызды тилей берчү. Бүгүн болсо мындай кабар угуп кулагыма ишенбей отурам. Ушу убакытка чейин эч нерсесин билгизбей чоңойткон апама таң берип ыраазы болуп отурдум. Апамдын жакшы көргөн жоолугу бар болчу, мен студент болуп жаңы жылга көйнөк тиктирип берди, ал кезде азыркыдай көп нерсе жок. Кооздогонго ошол жоолугунун жылтырактарын бирден сыйрып берген эле. Ушуларын эстеп отурсам апаңар ,,өгөй»-десе башка дүйнөгө келип калгандаймын. Мейли өгөй болсо да өз балдарындай өстүргөн апама башымды ийип таазим кылам, жанаттан орун берсин деп дуа кылам. Жаным апам менин жашоомдо мен үчүн ,,апа»-бойдон каласыз. Жаткан жериңиз жайлуу болуп ,топурагы торко болсун жаным апам.
Румо.24 июнь 2021.Москва

Get real time updates directly on you device, subscribe now.