4-майга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 224 адамдан аныкталды.
Анын ичинде:
Бишкек шаары – 139;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 63;
Ош облусу – 2;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 11.
Жалпы катталган учурлардын саны 96 миң 561
Ал эми каза болгондордун саны 8 адам болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 6, Ысык-Көл облусунда 2 адам каза болгон.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1630 кишини түздү.