Өмүрбек Бабанов Баткенге 7 фура гум жардам көрсөттү

0

Өмүрбек Бабанов бул тууралу соц тармактарында билдирди

«Урматтуу Кыргызстандыктарым,

Эгемендигибизде кандай гана кыйынчылыктар, кандай гана сыноолор болбоду. Баарын жеңип келдик. Азыркы абалды да сөзсүз жеңебиз. Бизге башканыкы кереги жок, бирок өз жерибиздин бир карышын да БЕРБЕЙБИЗ!

Кыргызстаныбыз кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга! Баасыз Баткенибизге баарыбыз башыбызды байлайбыз! Бизди эч ким бөлө албайт! Себеби биздин элибиз, биздин жерибиз – бирдиктүү!

Генерал-губернатор Өмүрбек Суваналиев менен сүйлөшүп, Баткен жана Лейлек райондорундагы бардык муктаждыктарды аныктадык. Азыр командам менен бардык керектүү азык-түлүктөрдү жети унаага жүктөп жөнөттүк.

Жардамга көмөктөш болгон “КЫРГЫЗСТАН” банкына, “Фрунзе” жана “Глобус” гипермаркеттерине да ыраазычылык билдирем!

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.