1-октябрдан тарта ИИМдин Ички аскер кызматкерлеринин маянасы көбөйтүлөт

0

1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тиешелүү токтомго Улукбек Марипов кол койду.

«Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынды» деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын август айында Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатыла тургандыгын билдирген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.