19-жаштагы Аяжан Едилованын үрөй учурган өлүмү тууралуу жаңы фактылар ачыкталды

0

19-жаштагы Аяжан Едилованын үрөй учурган өлүмү тууралуу жаңы фактылар ачыкталды. Казакстандык «Караван» басылмасы берген маалыматка ылайык, 27-жаштагы шектелүүчүнүн алгачкы сөзү «Мен аны жеген жокмун!», — деген сөздөр болчу.

Алтматы Полициясынын депатраментинин жетекчисинин орун басары Рустам Абдрахманов медиапорталга ыкчам-иликтөө иш чаралардын жүрүшу тууралуу айтып берген.

Ал берген маалыматка ылайык, Едилованын жоголуп кеткендиги тууралуу арыз 20-мартта түшкөн. Ошол эле күнү бул факт катталып, сотко чейинки иликтөө башталган.

«Кабарсыз жоголуп кеткен кыздын бардык контактылары боюнча иликтеп чыгып, анын жоголуп кетүүсүнө тиешеси бар жарандын дарегин аныктадык. 21-мартта, болжол менен 22:00до полициянын кызматкерлери шаардын Алатау районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине келишкен. Бирок ыкчам топтогулар канча эшик каккылабасын шектелүүчүнүн эшикти ачайын деген ою жок болчу. Ошондуктан аны сындырууга туура келди. Эки бөлмөлүү батирге киргенден кийин үйдүн ичинде узун бойлуу арык жигиттин бар экенин көргөнбүз. Анын колунда бычак бар болчу. Форма кийген кызматкерлерди көрүп, бычакты өз мойнуна сайып, андан кийин бир нече жолу колу-бутун да бычактаган. Абдан көп кан кетти», — деп Абдрахманов айтып берди.

Полияция жаракат алган жаранга тез жардам чакыртып, дарыгерлер ага биринчи жардам көрсөтүшкөн. Учурда шектелүүчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Ал оорукандан тергөө изоляторуна которулган.

Криминалисттер батирден адамдын денесинин калдыктарын табышкан. Холодильникте курмандыктын териси сакталуу экен. Аны кылмышкер сыйрып алган окшойт. Желим баштыктарда ички органдары, мүчөлөрү жиликтелип салынган. Башынан баш сөөгү эле калган, анткени аны мискейге салып алып, жыдып түшкүчө бышырган.

Жансыз дененин башка бөлуктөрүн түнү менен ташып ыргыткан. Такси чакыртып, Алматынын жогору жагына барып, баштыкка салынган мүчөлөрүн таштандыга ыргытып салган. Бардык табылган фрагменттер соттук медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Абдрахманов шектелүүчү киши өлтүргөнүн мойнуна алып, бардыгын айтып берген, деп билдирди. Аяжан Едилованы 19-март күнү, болжол менен саат 22:45те өлтүргөн. Ал алдоо жолу менен жаш кызды үйүнө чакыртып алган.

Алгач социалдык тармактардан таанышкан. Үйүнө келүүсүн суранып, Аяжандын жумушуна чейин такси чакыртып берген. Жаш кыз келгенде уруша кетип ачуусу менен муунтуп салган.

Андан кийин бир-эки саат жансыз дененин жанында отуруп, андан ары эмне кылышты ойлонгон. Кармалып калуудан коркуп, далилдөөчү фактылардын бардыгын жок кылуу аракетин көрө баштаган. Интернетке «Жансыз денени кантип жок кылуу керек?» деп жазып, чыккан маалыматты окуп, ашканадагы бычакты алып, денени жиликтеп баштаган.

Айыпталуучунун акыл-эси жайындабы (невменяемый) деген суроого Абдрахманов, атайын эксперттер анын психикасы тууралуу корутунду чыгарышат, деп билдирди.

Менимче ал адекваттуу эле абалда, кандай кылмыш кылганын даана эле түшүнүп, билип турат. Куранды жакшы билет экен, мындан ары да исламды изилдейм, деген пландары бар. Сурак берип жатканда жазасын тартып бүткөндөн кийин жаштарга сабак берүүнү пландап жатканын айтты. Аларга кокус адашып, ага окшоп кылмыш жолуна түшпөш керек экенин айтып берет.

Кактус кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.