28-мартта республикалык айтыш өтөт

0

28-мартта республикалык айтыш өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов «Маралга» билдирди.

«Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналып өткөрүлүп жаткан айтыштын байге фонду бир миллион сом деп белгиленди.

Айтыштын тандоо туру 27-мартта КТРКнын концерттик залында болот. Кирүү акысыз. Ал эми тандалып алынган акындардын чоң айтышы 28-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында саат 17:00дө өткөрүлөт. Билет баасы — 500 сом.

Кошумчалай кетсек, «Айтыш» коомдук фондун төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүү жана акындардын башын бириктирүү максатында 2001-жылы саясатчы, маданият ишмери Садык Шер-Нияз түптөгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.