Эртең, 7-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2… -7, күндүз +5… +10;
Талас жергесинде түнкүсүн -6… -8, күндүз +7… +9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1… -3, күндүз +10… +12 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4… -6, күндүз +6… +8;
Нарын аймагында түнкүсүн -9… -11, күндүз +3… +5 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -5… -7, күндүз +7… +9 градуска жетет.