Адвокат: Нарматова «бийликти басып алууга чакырык» жасаган деп шектелип жатат

0

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматовага Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен шектелип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Сейитбек Довлотов билдирди.

“Нарматова менен телефондон сүйлөшкөнгө үлгүрүп калдым. Ал “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштаган” деген күнөөнү коюп жатат” деди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнөн сурасам тапшырма Бишкектен келген экен. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту Орозайымдын жанындагы буюмдарды алып текшерүү тууралуу токтом кабыл алыптыр”, — деди Довлотов.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу «Азаттыкка» кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) анын кармалышы боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.