Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшөт

0

Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы финалга чыкты.

Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык балбан украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде жеңди.

Алтын медаль үчүн беттеште кармашта анын атаандашы Эквадордун балбаны Генезис Вальдес болот.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.