Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек

0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев күч органдарынын алдына УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов менен экс-министр Молдомуса Конгантиевдин сүрөтүн илип коюуну сунуштады.

Учурда парламент Ички иштер министрлиги ондогон саясатчынын жана ЖК депутаттарынын телефон сүйлөшүүсүн тыңшаганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

«Азыр «биздин укугубуз бар, баары мыйзамдуу» деген жооп менен чектелдиңер. Бирок «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси бар экенин эске алып коюңуздар. Бийлик өзгөргөнү менен система ошол бойдон калат. Күч органдары адилеттүү иштөөгө аракет кылсаңыздар. УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун түрмөдөн чыгып, Молдомуса Конгантиевдин (мурдагы ИИМ башчысы) сабалып элден кечирим сураган сүрөтүн бул жерге илип коюш керек. Заман тез эле өзгөрөт. Ошондуктан, урматтуу күч органдарынын жетекчилери, эсиңерге келгиле, саясий ишмерлерди аңдып, тыңшагандан майнап чыкпайт», — деди Акаев.

Ошондой эле депутат бир жыл мурунку окуяны айтып мисал келтирди.

 

«2020-жыл, 18-февраль «Садыр Жапаровго боштондук» штабына тыңшоо коюлду» дейт. Бир жыл мурун алар мындай ишти туура эмес деп айыптап чыгышкан. «Келме кезек, терме тезек» деп коёт, ошондуктан адам укугун коргой турган баалуулуктардан тайбашыбыз керек», — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, ИИМ октябрь окуяларын иликтөөнүн алкагында бир ай бою жүздөй адамдын, анын ичинде саясатчылардын жана ЖКнын үч депутатынын телефону тыңшалганын билдирген.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.