АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу каза болгону айтылды

0

Көп жылдан бери АКШда жашап келген кыргызстандык үйбүлө белгисиз
жагдайда киши колдуу болуп каза болду. Мындай маалымат
социалдык тармактарга тарады. Маалыматка ылайык, каза болгон үй-бүлө 15 жылдан бери АКШда
жашап келген. Кылмыштан кыргызстандык 47 жана 45 жашта
жубайлар жана алардын 5 жаштагы уулу каза болгон. Учурда АКШ
полициясы бул боюнча тергөө жүргүзүп жатканы маалым болду.
Учурда АКШдагы кыргызстандыктар маркумдардын сөөгүн
мекенине жеткирүү үчүн каражат топтоп жатышат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.