Акылбек Жапаров Москвага жумушчу сапары менен жөнөп кетти

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын жүрүшүндө Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылууда, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланмакчы.

Белгилесек, сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.