Акын Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль көрсөтүлдү

0

Капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан акын, журналист маркум Зайырбек Ажыматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган «Жүрөктөгү бороон» аталышындагы спектакль көрүүчүлөргө тартууланды.

Аталган спектаклди көрүүчүлөргө «Учур» жаштар театры даярдаган.

Башталганда эле акындын аруу, ыр дүйнөсүнө жетелеген бул чыгармасы көрүүчүлөрдүн купулуна толду өңдөнөт. Дегеним жалпы зал спектаклди бир дем менен көрдү.

Спектаклде акындын бала чагынан баштап, көзү өткөнгө чейин жазган ырлары жаңырып, ар бир көрүүчү акындын жашап өткөн жолун, анын күнгөйү менен тескейин бирге татты. Аягында Зайырбек Ажыматовдун досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди жоктогон ыры жаңырып, көпчүлүк көрүүчүлөр көзүнө жаш алды.

Зайырбек Ажыматов көзү тирүү болгондо 12-майда 45 жашка толмок.

Супер кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.