«Алайдын» каза болгон футболчулары бараткан унаа Хендай Портер менен сүзүшкөн

0

«Алайдын» каза болгон футболчулары бараткан унаа жүк ташыган унаа менен кагылышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош шаардык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-январда саат 18:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунун Ош шаарындагы бөлүгүндө болгон. Анда “Алай” футболдук клубунун оюнчулары Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Хендай Портер үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-январь күнү Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов жол кырсыгынан каза болгону кабарланган. Алар Баткендин «Нур-Баткен» командасы менен келишим түзүп келе жатканы маалымдалган.


Get real time updates directly on you device, subscribe now.