Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп дайындалды

0

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министрлигинин башына барганы 14-февралда белгилүү болгон. Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган. Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңеш Бейшеналиевди министр кызматына дайындоого макулдук берген.

Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2021-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Билим берүү жана илим министрлигин 2021-жылдын май айынан бери жетектеп келген Болотбек Купешов кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырганы кабарланды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.