Бишкекте 20-сентябрдан 25-сентябрга чейин Alternativa Film Screenings өтөт. Бул 2023-жылдагы Alternativa Film Awards сыйлыгынын номинанттарынан жана жеңүүчүлөрүнөн тандалган тасмалардын ачык жана акысыз көрсөтүлүшү. Анда кыргызстандык жана эл аралык кинотасмалар коюлат. Көрсөтүүлөр буга чейин Алматы шаарында өткөн.
Кайсы тасмаларды көрүүгө болот?
Былтыр сыйлыкка Азия аймагынан катышкан «Кыз ала качуу» (Кыргызстан, Spotlight сыйлыгынын жеңүүчүсү),
«Бооруна cалуу» (Казакстан, Future Voice сыйлыгынын жеңүүчүсү),
«Жекшемби» (Өзбекстан),
«Баласыз айыл» (Иран),
«12 жума» (Филиппин),
«Вахан туткуну» (Кыргызстан),
«Сotton 100%» (Өзбекстан),
«Кийинкиси ким?» (Кыргызстан) сыяктуу кинотасмалар жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн катышкан кыска метраждуу тасмалардын программасы коюлат.
Мындан тышкары, Alternativa Film Screenings’тин алкагында былтыр Бишкекте өткөн өспүрүмдөр үчүн Alternativa Teen Lab кинолабораториясынын катышуучуларынын эмгектери, Alternativa Film Project долбоорунун демилгечиси болгон inDrive компаниясынын тарыхы тууралуу Inner Drive документалдуу тасмасы көрсөтүлөт.
Ар бир көрсөтүүнүн аягында кинотасмада берилген коомдук мааниге ээ темалар адистер менен бирге талкууланат. Ошол эле учурда көрүүчүлөр адистер менен талкууга катышып, өз ой-пикирлерин жана тажрыйбалары менен бөлүшө алышат.