Алтынбек Сулайманов шайлоого бир мандаттуу округдан эмес, партия менен барат

0

“Мен Кыргыз өлкөсү деген чоң океанда “Альянс” деген кемеде сиздер менен биргемин”. Мындай пикирин “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алтынбек Сулайманов бүгүн, 12-октябрда “Альянс” саясий партиясынын III кезексиз съездинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Алтынбек Сулайманов өзүнүн акыркы чечимин ачыктап, шайлоого бир мандаттуу округдан баруудан баш тарткандыгын айтты.

“Мен бир мандаттуу шайлоо округунан барууну тандагам. Шайлоодон жеңип чыкканга толук мүмкүнчүлүгүм бар эле. Элдин мени колдоп турганын көрүп турасыздар. Мага оппонент дагы чыккан жок. Аттуу-баштуулар мени колдоорун айтып, шайлоого талапкер болуудан баш тартышты. Ошого карабай бир мандаттуу шайлоо округунан ат салышпай турган болдум. Мен Кыргыз өлкөсү деген чоң океанда “Альянс” деген кемеде сиздер менен биргемин. Ал кеме кандай сүзөт, ал биздин иштегенибизге жараша болот. Ошондуктан урматтуу партиялаштар, биз күчтүүбүз, биз сөзсүз ийгиликке жетебиз. Теңдик, эркиндик, эркин атаандашуу биздин негизги максат”, — деди Сулайманов.

Бүгүн, 12-октябрда “Альянс” саясий партиясынын III кезексиз съезди өттү. Курултайга партиянын аймактык бөлүмдөрүнөн көрсөтүлгөн делегаттар жана сыйлуу меймандар катышты. “Альянс” саясий партиясынын съездинин жыйынтыгы менен партиянын тең төрагасы болуп Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев шайланышты. Ошондой эле Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилди.

Булак супер кж

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.