Айран салмакты азайтууда диетада колдонулат. Андагы белок ачка болуу сезимин жоёт. Уктаарда 1 стакан айран ичип алсаңыз, ток кармайт, зыяндуу таттууларды жебейсиз;
Адистердин айтымында арыктагысы келген адам уктаарга 4-5 саат калганда тамак жеп, жатаарга 1 саат калганда айран ичип алса эң жакшы натыйжа берет. Бирок, майлуулугу 1-2,5%дуу айран жакшы.
Эгер эртерээк калыбыма келем десеңиз, анда майды күйгүзгөн ачууларды кошуп ичиңиз:
1%дуу кефирге, жарым кашык майдаланган имбирь, жарым кашык майдаланган корица жана бир чымчым кызыл ачуу калемпирди кошуп ичиңиз. Жыйынтык 10 күндө билинет.