Асель Кадырбекова: «Башыма жамандын артынан жаман жанашып келди»

0

Ырчы Асел Кадырбекова депрессиядан чыкканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыкты. Ал жамандыктын артынан жамандык жанашып келгенин айтып, «өзүңдү колго алып, иште, алаксы, жандан» деп коюңуздар» деген.

«Чындыгында бир жыл катуу депрессияда жүргөнүмдү моюнга алам. Бирок бирөөлөр ушинтип айтса чырдап, «жок, менде баары жакшы деп» моюнга алчу эмесмин. Башыма жамандын артынан жаман жанашып келди.

Биринчиси, кырсык жашоомду түп ордунан бери өзгөрттү. Бул тагдыр, качып кутула албайт экенсиң. Аман калганыма шүгүр айтам. Экинчиси, убактымды, эмгегимди жумшап ачкан салонум да жабылды. Эң өкүнүчтүүсү апамдын жаңы машина алам деген акчасын салонго жумшаганбыз. Буюрса, иштеп мындан да көп табабыз деп. Тилекке каршы, ишке ашпай калды. Эне экен «мейли аман болсок табабыз» деп көз жумуп койду. Үчүнчүсү, менин жеке жашоом.

Мейли, аман болсок баары болот. Эң чоң байлык — өмүр жана ден соолук экен. Калганын кайра башынан баштоого туура келсе да кылса болот. Аман бололу. Эми көп кайгырбай жашоону баштайлы. Айтып бугумду чыгарып албасам баш ооруйт. Көп нерсени ичиме сактай албайм», — деген ырчы билдирүүсүндө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.