- УБАГЫ МЕНЕН ТАМАКТАНУУ
Убагы менен тамактануу аркылуу (күнүнө 3 жолу) биз ачка болуу сезимин басып, кандагы канттын көлөмү түшүп кетүүсүн алдын алып, зыяндуу тамак-аштарга тартылууну басабыз.
- БИРИНЧИ СУУ ИЧИП АЛАБЫЗ
Көпчүлүк ачкалык менен суусоону алмаштырып алат. Эгер сизде ачка болгондой сезим болуп жатса, суу ичип көрүңүз. Мүмкүн организм тамак эмес, суу сурап жаткандыр.
- ТАМАК ҮЧҮН ӨЗҮҢҮЗГӨ КИЧИНЕКЕЙ ТАРЕЛКА ТАНДАП АЛЫҢЫЗ
Биздин негизи ашказаныбыз эмес, көзүбүз ачкараак келет. Аз тамакты чоң идишке салып алсаңар тамагыңар аздай көрүнүп, көз тойбой “тамак кош” дей баштайт напсиңер. Ошон үчүн кичинекей тарелкага толо тамак салып алсаңар “довооольно” отуруп алып жейсиңер.
- ТЫНЧ ОТУРУП ТАМАКТАНУУ ДА ЖАКШЫ ЖАРДАМ БЕРЕТ
Кээде ары-бери туруп, басып тамак жегенге туура келет, алар жок болгондо деле телевизор, телефон деген нерселер да бир топ азгырат. Анан жалдырап отуруп канча тамак жеп койгонубузду билбей отуруп калабыз
- СТОЛДУН ҮСТҮНӨ ТАМАКТЫ ТҮРЛӨП КОЮП АЛБАЙ, ДААНА СИЗГЕ КЕРЕКТҮҮ КОЮҢУЗ
Жогоруда айткандай көзүң көрүп турса напси ойной берет. Болбосо ар биринен бир ооз тийип көрүп атып, канча жегениңерди байкабай каласыңар.