«Ата-энесине өткөрүлүп берилет». Лебединовкада уурдалган 26 жаштагы кыз табылды

0

Чүйдүн Лебединовка айылында уурдалган 1995-жылы туулган Изат Курбанова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн, 7-май күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылган.
«Белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы аталган кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн бир катар тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бардык видеокөзөмөл камералар каралып, кыз жана аны уурдады делген адамга байланышы бар бир нече адамдар сурак беришти. Аламүдүн району жана Бишкек шаары боюнча мейманканалар, кароосуз калган имараттар жана талааларга кароо жүргүзүлдү.
Аламүдүн РИИБинде бардык керектүү тергөө иш-чаралары жана түшүндүрүү иштери аяктаган соң кыз ата-энесине өткөрүлүп берилет», — деп билдиришти облустук милициядан.
Эске салсак, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.

Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.
6-май күнү кечинде социалдык тармактарда уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энесине кайрылуу жасаган видео тараган.
«Менде баары жакшы, кабатыр болбогула. Мен туура эмес кылдым, бирок, апа, мен аны кандай сүйөрүмдү сен билесиң да. Абдумалик мени уурдаган жок. Мен өз каалоом менен кеттим. Мени кечиргиле», — деген ал өз кайрылуусунда
супер кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.