Атамбаевди 11 жылга кескен сот өкүмү кайрадан күчүнө кирди

0

Башкы прокуратура «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинде жаңы жагдайлар пайда болгондугуна байланыштуу 12-октябрда Жогорку сотко өтүнүч келтирген. Жогорку сот ал өтүнүчтү канааттандырды.

«2020-жылдын 30-ноябрдагы токтом жокко чыгарылды, ал эми иш кассациялык тартипте кайра кароого жөнөтүлдү», — деп айтылат Жогорку соттун маалыматында.

Буга чейин биринчи жана экинчи инстанциядагы сот Атамбаевди Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

2020-жылы 30-ноябрда Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.