Бүгүн шайлоого талапкерлердин арыздарын кабыл алуу аяктайт

0

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алуу бүгүн, 30-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата БШКга 559 жаран арыз тапшырды. Учурда мекеме арыздарды карап, талапкерлерди каттоодон өткөрүп жатат.

Шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.