Байден «Ислам мамлекети» террордук уюмуна сокку урууга буйрук берди

0

АКШ президенти Жо Байден Кабул аэропортунун босогосундагы жардырууга байланыштуу атайын билдирүү жасады. Террордук актынын кесепетинен жүздөн ашуун адам каза таап, 150 киши жаракат алды. Каза болгондордун арасында 13 америкалык аскер бар. Андан сырткары 18 деңиз аскери жарадар болду.

Жо Байден Пентагонго аэропорттогу жардырууга жоопкерчилик алган «Ислам мамлекети» террордук тобунун башында тургандар жайгашкан объектилерге карата абадан сокку урууну тапшырды.

«Бул кол салууну ишке ашыргандар жана жалпы эле АКШга кара ниеттик каалагандар, билип алгыла. Биз муну жөн эле кечирип койбойбуз. Биз силердин артыңардан түшүп, кун төлөөгө мажбурлайбыз», — деди Байден.

Анын айтымына караганда, бул теракты Ооганстан менен Пакистанда аракеттенген «Ислам мамлекети» террордук тобунун «Хорасан» филиалы уюштурган. Ал «Талибан» менен «Ислам мамлекетинин» бул кол салууну уюштурганын далилдей турган байланыштарын аныктоого мүмкүн боло электигин билдирди.

АКШ президенти Жо Байден жанкечтилер Американы коркута албай турганын айтып, жардыруудан кайтыш болгон аскерлерди минуталык тунжуроо менен эскерди.

26-август күнү кечинде Кабул аэропортундагы жардыруудан Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөн адамдар жабыркады. Алардын арасында чет элдик жарандар, аэропортту кайтарган аскерлер дагы бар.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.