Байсалов: БШКнын сервердик системасында мүчүлүштүк болгон эмес

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БШКнын сервердик системасында эч кандай мүчүлүштүктөр болбогонун «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Эртең менен Президенттик администрация шайлоонун жыйынтыгын карап, кечээ эмне болгонун иликтеди. БШКнын сервердик системасында эч кандай мүчүлүштүктөр болгон эмес. Бул жерде жарыялоо таблицасында ката бар. Бул баракчадагы формула туура эмес болгон», — деп жазган.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сервердин бузулушу боюнча комментарий берген. Анын айтымында, алгач сайтка туура эмес программа жүктөлгөн.

Күтүүсүз кырдаал айрым партия өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратып, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Бул боюнча Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, БШКнын добуштарды бурмалаганы аныкталса, анда бардык кызматкерлери жоопко тартыларын белгиледи.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.