Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2022-аскер бөлүгүнүн «Чарбак» чек ара заставасынын аскер кызматкери өзүн-өзү атып өлтүрдү. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Окуя 4-июнда саат 16:00 чамасында катталган. Маркум Ош шаарынын 2003-жылы туулган М.Д.А. аттуу тургуну болгон.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери М.Д. ок атуучу курал менен өзүн-өзү атып өлтүргөн. Ал аскер кызматына 2021-жылы жаз мезгилинде чакырылган.
Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө максатында Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.