Баткенде бузулган жолдордун чыгымы 11 млн сомдон жогору

0

Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун үстүңкү катмары бузулган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Каимбаев билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, чыгымдын суммасы 11 млн сомдон жогору болууда.

“Учурда атайын түзүлгөн комиссия чыгымдын суммасын эсептеп жатат. Эсептелгенден кийин калыбына келтирүү иштеринин каржылоо булактары аныкталат”, — дейт ал.

ӨКМ билдиргендей, Баткендеги чек ара окуясында 129-турак үй жана 84 объект талкаланган: 1 мектеп, 1 ФАП, 1 бала-бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара застава, 1 медцентр, 1 стамотология, 2 даарынкана, 1 китепкана, 1 өрт-куткаруу бөлүгү, 27 АЗС, 34 соода түйүндөрү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендеги жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Ал эми 36 адам курман болду. Учурда ооруканаларда 100 адам дарыланууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.