Баткенде кыргыз менен өзбек жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Видео

0

Бүгүн, 13-майда Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох районуна караштуу Чашма айылынын жашоочулары арасында чыр чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Сай айылына өзбек жарандарынын малдары өтүп келген. Андан кийин айыл тургундары Чашманын жашоочуларына малдарын айдап кетүүсүн айтышкан. Ошол маалда чыр чыгып, 2 кыргыз жаранын өзбек жарандары ур-токмокко алып, андан кийин өздөрүнүн аймагына кетишкен. Мындан улам чек арага элдер топтолгон.

Баткен районунун акими Учкун Жоробековдун айтымында, чоң масштабда чыр чыккан эмес. Чек арага токмок жеген тургундардын гана жакындары чогулган.

Учурда окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери, жеринде териштирүү ишин башташты.

Учурда чек арадагы абал туруктуу жана көзөмөлдө болуп жатат.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.