Баткенде жаңжалдан пайдаланып Тажикстан жарандары уурдап кеткен 2 унаа кайтарылды

0

Тажикстандын кол салуусунан улам орун алган жаңжалдан пайдаланып, тажик тарап алып кеткен 2 унаа Кыргыз жарандарына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Кечээ, 4-майда «Кулунду-Авто жол» өткөрүү пункту аркылуу тажик тарап Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстандын жарандары уурдап кеткен Хюндай жана Жигули унааларын өткөрүп берген. Бүгүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жаңжал учурунда талкаланган чек ара объектилерин текшерип жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле УКМК бүгүн, 5-май саат 11:30га карата Баткенде абал туруктуу экенин билдирди.
/

Get real time updates directly on you device, subscribe now.