Баткенде жарандыкка каттоо үчүн документтер жеңилдетилген шартта кабыл алына баштады

0

Кыргызстандын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибинен этникалык кыргыздар жана өлкөнүн жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдар пайдалана алышат. Баткен облусунда 23-ноябрдан тарта жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгына каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Документтерди кабыл алуу пункту Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имаратында ачылган. Бир күндүн ичинде аталган жайга 100дөн ашык адам кайрылганы айтылды. Аларга кеңеш берилип, жеке идентификациялык номерлер, жарандыкка каттоо үчүн тийиштүү документтер берилген. Президенттин жарлыгына ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги июль айынан бери этникалык кыргыздар жана Кыргызстандын жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте иш кагаздарын жүргүзүүдө. Бул боюнча документтерди кабыл алуу пункту ошол айларда биринчилерден болуп Бишкек шаарында ачылган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.