Баткенге жардам. АКШдагы мекендештер 160 миң доллардан ашык чогултушту

0

АКШдагы Кыргыз диаспорасы Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуу боюнча активдүү иштерди улантууда.

КРнын АКШдагы элчилиги билдиргендей, 4-майга карата (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын ар кайсы шаарларында жана штаттарында жашаган мекендештер тарабынан төмөндөгүдөй суммадагы каражат чогултулду:

Нью-Йорк шаары – 20 миң доллар (+1-347-852-1941 – Турат);
Огайо штаты – 15,7 миң доллар (+1-513-265-6251 – Алтынбек);
Питтсбрург шаары (Пенсильвания штаты) – 12 миң доллар (+1-213-500-9508 – Барсбек);
Филадельфия шаары (Пенсильвания штаты) – 12 миң доллар (+1-267-212-6775 – Азиз);
Чикаго шаары (Иллинойс штаты) – 93,6 миң доллар (+1-312-610-3018 – Кыял);
Чикаго шаары (Иллинойс штаты) – 12 миң доллар (+1-267-333-5219 – Каныбек).

“Кандайдыр бир суроолор же каражат чогултууга колдоо көрсөтүү ниети пайда болсо, мекендештер жогоруда аталган телефон номерлерине кайрылышса болот”, – деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик АКШ аймагында жашаган мекендештерге Баткен облусунун жашоочуларына баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.