Белгилүү ырчы Бек Борбиев Жогорку Кеңешке депутат болууга аттанды

0

Белгилүү ырчы Бек Борбиев Жогорку Кеңешке депутат болууга аттанды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү билдирди.

Ырчынын айтымында, ал Алмазбек Атамбаевдин убагында ар кандай айыптоолорго дуушар болгон.

«Менин ырларыма дагы ар кандай сындар айтылган. Менин ырларым телевизор, радиолордон берилбей калган. Анан мен ырларымды интернет аркылуу тарата баштадым»,-дейт ырчы.

Бек Борбиевдин айтымында, ага болгон сындар Минскте Курманбек Бакиевге ырдап бергенден кийин айтыла баштаган.

«Артист угарманды тандабайт. Филармония же башка бир залда эле ырдагандай түрмөдө дагы ырдап бериши керек. Курманбек Бакиев депутаттыкка бара жатканда мен аны өзүм колдогом. Мен аны Кыргызстанды өнүктүрө турган перспективдүү адам катары көргөм»,-дейт ал.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.