Бишкекте 150 миң баш жоогазын отургузду

0

Бишкектин гүлзарларына жоогазындын баштарын отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарды түстөрдүн жана оймо-чиймелердин палитрасы менен кубантат. Быйыл баш калаанын гүлзарларына жалпысынан 150 миң баш жоогазын гүлдөрү отургузулду.

Эми шаардыктар жазында Жаштар аллеясында, Пушкин көчөсүндө Курманжан датканын эстелигинин жанындагы Театралдык паркта жана Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүндө, Ахунбаев-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жоогазындардын кооздугуна ырахат ала алышат.

Эске сала кетсек, былтыр жазында борбор калаада 130 миң жоогазын гүлдөгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.