Бишкекте 18 жаштагы кызды бычактаган киши 5-кабаттан секирип түшкөн

0

Бишкектеги Свердлов РИИБге 20-июлда жаш кыз бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, окуя Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирде болгон.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин кызматкерлери барып, жабырлануучу 2003-жылы төрөлгөн Т.К. экени такталды. Анын төш тарабында учтуу буюмдан алган жаракат болгон. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок көп узабай көз жумду.

Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, ыкчам иштердин натыйжасында шектүү кармалды. Шектүү — 1978-жылы төрөлгөн М.Б. 5-кабаттан секирип түшкөн. Анын буту сынып, баш мээсинен жаракат алып, ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.

Тергөө жүрүп жатат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.