Бишкекте 34 мектептен коронавирус аныкталды

0

Бишкекте окуу процесси башталгандан бери 34 мектептен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Исакова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 12 мектеп дагы деле карантинге жабык турат, андан тышкары 22 мектептин 32 классы онлайн-окууга өттү.

«Статистикалык маалыматтар боюнча, мугалимдер арасына COVID-19дун 25 учуру катталган, анын ичинен 5 учуру — пневмония. Ал эми окуучулардын арасында 93 учур катталган, анын 9 учуру — пневмония», — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгына караштуу 97 мектеп бар.

Балдар же мугалимдерден илдет табылса, Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ыкчам иштер жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, онлайн режимге толук өтүү ооруган бала же ооруган мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, чечим эпидемиологдор тарабынан кабыл алынат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.