Окуянын видеосу 4-августта тараган. Анда Көк-Жар кичи районунда белгисиз адам өтүп бара жаткандарды коркуткан. Видеого түшкөн кыз аны кубалаган адамдын колунда бычак болгонун кабарлаган.
Бул боюнча териштирүү башталып, милиция 19 жаштагы кишини кармаган. Окуя боюнча «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.