КР УКМК тарабынан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун башчылары менен жогорку кызматтагы өкүлдөрүн нейтралдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын 4-апрелинде, Жалал-Абад шаардык сотунун 2025-жылдын 9-сентябрындагы шектүү адамды кармоо тууралуу чечиминин негизинде, УКМК тарабынан издөө жарыялоо боюнча жөнөтүлгөн көрсөтмөнүн алкагында, КР ИИМдин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ош базары аймагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун Кара-Көл шаарындагы радикалдык ячейкасынын жетекчиси, өз тарапташтарын Кыргызстанда теократиялык мамлекет – халифат түзүүгө чакырган, 23.01.1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлгөн Б.А.Т. аттуу КР жаранын кармашты.
Оперативдик-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган “Хизбут-Тахрир” уюмунун лидерлеринен алынган көрсөтмөлөргө ылайык, Б.А.Т. узак убакыт боюу Жалал-абад облусу Кара-Көл шаарында «мушриф» (шаардык/райондук ячейкасынын лидери) статусун ээлеп келген, калк арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, адабияттарды таратуу, жаңы жактоочуларды тартуу менен активдүү алектенген, ошондой эле экстремисттик иш-чараларды каржылоо максатында жөнөкөй мүчөлөрдөн каражат чогултуучу тармакты түзгөн.
Тергөө учурунда кармалган адам тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөсү экенин жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында «мушриф» макамына ээ экенин мойнуна алган. Натыйжада, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо үчүн бир катар зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Sign in